• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жактоочу: Суталиновду бүгүн бошотуш керек болчу

15 Чын куран 2019 12:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык сотунда 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин сот карабай, 7-майга сот отурумун жылдырды. Сот отурум Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү келбей койгондон улам жылды.

“Суталинов оорусуна байланыштуу химия терапия өтүп жатат. Сотко улам алып келип жатып ден соолугу начарлап бүгун сот отурумуна келбей калды. Буга чейин 9 кубө суракка алынып, бир күбө келбей калган. Бүгүн ал келсе, жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү келбей калды. Соттон Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлүн алып келебиз, аны алып келгенче күбөнү суракка алып туралы деп өтүнүч менен кайрылдым. Бирок, эмнегедир сот макул болбой отурумду 7-майга жылдырып койду. Суталиновдун ден соолугу күндөн күнгө начарлап баратат. Аны оорусуна байланыштуу жөн эле чыгарып коюш керек болчу”,-дейт жактоочу Майрамбек Жумабеков.

Эскерте кетсек, Мурат Суталинов рак оорусунун оор түрү менен жабыркайт.


Количество просмотров: 17