Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап жатат. Учурада соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишкен.
Соттук отурум судья Сатарова Айнура Мелисовнанын төрагалыгы алдында өтүүдө.
Жактоочулар соттон саясатчыларды сыртка чыкпай тургандыгы кепилденген тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн. Ал эми прокурорлор Текебаев менен Чотоновду камакта калтырууну суранышкан.
Сотко саясатчылардын өздөрү да жеткирилди. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилди. Журналисттерге уруксат берилген жок.
Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.
«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.