Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев, бүгүн УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурунку президент Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угууларга катышууга макул болобу же жокпу, билбейт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттиги жазды.
Белгилүү болгондой, ал Башкы прокуратурага Алмазбек Атамбаев сотко барбайт деген өтүнүчтү билдирген эмес. Анткени, ал мурунку президент менен макулдаша элек.
«Ал башка соттук отурумдарга катышабы, мен билбейм. Бирок, Алмазбек Атамбаев анын кармалышынан тарта ага карата болгон мамилени мыйзамсыз деп эсептейт», -деп билдирди жактоочу Сергей Слесарев.
Биринчи Май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар башталат. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.