• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жакупбекова: Апелляциялык арызды шаардык сотко жөнөтпөй жатышат, өлүмүн күтүп жатышабы?

21 Бештин айы 2022 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши менен кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын апелляциялык арызын Бишкек шаардык сотуна жөнөтпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда өткөн маалымат жыйында адвокат Чынара Жакупбекова билдирди.

«Камактагылар ачкачылык жарыялашканын, абалдары начар экенин баары жакшы билет. Алардын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечим чыккандан бери бир нече күн өттү. Бирок материалдар дагы деле шаардык сотко жөнөтүлө элек. Эмне үчүн документтер дагы деле райондук сотто? Алардын өлүмүн күтүп жатышабы?»,-деди жактоочу.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга — 20-февралга чейин узарткан. 

Количество просмотров: 579