• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жакупова: Матраимовдун доо арызы соттор менен алдын-ала макулдашылган

13 Бештин айы 2019 15:56 Бишкек Govori.TV

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупова үч маалымат каражатына жана журналистке берилген доо жана алардын банктык эсептеринин камакка коюлушу сот менен алдын-ала эле келишилген деп эсептейт. Бул тууралуу ал 13-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын маалыматына караганда, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арызын кароодо мыйзам бузган. Мыйзам боюнча арыз түшкөндөн кийин ал беш күндүн ичинде автоматтык система аркылуу бөлүштүрүлүп, ишти кайсы судья карай тургандыгы аныкталат.

Бирок судья Жылдыз Ибраимова 5 күндүк мөөнөттү күтпөстөн, 9-декабрда түшкөн арызды 10-декабрда караган. Жакупова судья ЖМКларга каршы арызды карап, алардын банктык эсебин камакка коюудан мурун ал канчалык негиздүү экенин баалашы керек болчу деп эсептейт.

Свердлов райондук соту сөз болуп жаткан арыз боюнча 12-декабрда түшүндүрмө берген. Анда Жарандык-процессуалдык кодекстин 145-беренесинде «Доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызды сот ал сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, жоопкерге жана ишке катышкан башка жактарга кабарлабастан карайт. Доону камсыздоо жөнүндө арызды кароо – сумманы өндүрүү талабы коюлган бардык арыздар боюнча кадимки норма. Арыз иш сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен каралып чыгууга тийиш» деп жазылган.
Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.
Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Количество просмотров: 26