Жакында Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунда каттам ачылат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №20 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа жолдун 33-100-чакырым аралыгын кар күрткүдөн жана кар көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Тазалоо иштерине 1 даана автогрейдер жана 1 даана бульдозер тартылган. Учурда жолдун 66-чакырымында иштер уланып, 2025-жылдын 1-апрелине карата каттамды ачууга даярдык көрүлүүдө.
«Айдоочулардан жолдо этият болууну жана аба ырайынын шарттарын эске алууну өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.