• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Жакында көрүшкөнчө» дебей калган Бабанов Орозо айт майрамы менен куттуктады

4 Кулжа 201917:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал куттуктоосун фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялаган.

Ал баракчасына видео жүктөп, аны «Кымбаттуу Кыргызстандыктарым! Орозо айт майрамыбыз кут болсун!»,-деген кыскача билдирүү менен коштогон, бирок, «Жакында көрүшкөнчө» деп жазган эмес.

https://www.facebook.com/omurbek.babanov/videos/609816412860012/

Эске салсак, Бабанов 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган

Ал эми Бабанов үстүбүздөгү жылдын 13-апрелде Кыргызстанга учуп келээрин жар салып, бирок кайтып келген эмес

Количество просмотров: 102