Жакынкы арада жеңилдетилген түрдөгү визалар бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-декабрында КР өкмөтүнүн визаларды берүү тууралуу токтомуна премьер-министр кол коюп, ал токтом 15-январдан тарта күчүнө кирет.
Ага ылайык, Кыргызстанда этникалык жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт.
Алар:
“Туугандар виза” — туугандар менен көрүшүүнү каалагандар үчүн бир жылдык виза берилет.
“Мекен виза”- Кыргызстанда төрөлгөн жана башка өлкөдө жашаган этникалык кыргызстандыктарга өлкөгө келип кетүү же кайтып келүү менен кайрылман макамын алуу үчүн бир жылдык мөөнөткө акысыз виза берилет.
“Мейман виза”- Кыргызстандын жарандарынын атайын чакыруусунун негизинде туугандык жайы жок адамдарга, ошондой эле достору менен көрүшүүнү каалагандарга же медициналык жардам алууга ниеттенгендерге берилет.
Мындан сырткары, Кыргызстанга тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөргө үч айлык мөөнөткө “Тоо туризм визасы” бериле баштайт. Мындай визаны алгандар өлкөгө бир нече жолу кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алат.
Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтердин санын көбөйтүүнү максат кылууда.