Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.
Кошумчалангандай, кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалса болот.