Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолун суу каптады. Бул видеону Govori.TV агенттигине окурмандар жөнөттү.
Видео материалдан унаа жолду каптаган суудан унаалар араң өтүп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрдөгү нөшөрлүү жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлө турганын эскерткен.