• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

27 Жетинин айы 202017:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрь күнү саат 11:59да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында 3 баллга чейин, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 54