• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы бала бычакталды

31 Баш оона 201915:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.08.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы бала бычакталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Каныкей» соода борборунун аймагынан 30-август күнү саат 17:40 чамасында 13 жаштагы А.А. аттуу баланы бейтааныш 18-20 жаштардагы бала көкүрөгүнүн сол тарабына бычак менен сайып жиберген.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жабырлануучу баланын абалы учурда канаттандырарлык жана жарааты анча оор эмес. Ал эми шектүү бала кармалып, кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106