Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.
Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу фейсбук баракчасына окуянын күбөсү видео таратты.
Анын айтымында учурда өрт өчүрүүчүлөр келишти, ал эми өрттүн чыкканына бир саатка жакындап калган.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылган. Бирок, күбөлөлдүн маалыматына ылайык өрт дагы деле өчүрүлө элек.Кошумча маалымат берилет.
Айрым такталбаган маалыматтарга ылайык күйүп жаткан
мунай базасы саясатчы Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиевге таандык экендиги айтылууда