Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Жалал-Абад шаарынын мэринин агасы Абдималик Тагаев 28-августта өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын кызматкерлери кабарлады.
Маалыматка караганда, Абдималик Тагаев аны жумуштан бошотууну инисинен өзү суранган. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасында жооптуу адис болуп иштеген.