• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жалал-Абад шаарынын мэри кызматтан кетти

6 Тогуздун айы 202017:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызынын негизинде мэрлик кызматтан кетти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Упел Парханова арызды жергиликтүү кеңештин депутаттарына тааныштырды. Ал эми вице-мэр Нуртилек Орозбаев убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле шаардык кеңештин коалициясы тарап, жаңы “Тынчтык” коалициясы түзүлдү. Анын курамында Мекеним Кыргызстан, Ата-Журт, Республика, Кыргызстан, Өнүгүү фракциялары бар.

Количество просмотров: 68