• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жалал-Абад: Жол кырсыгынан 7 адам каза болду

17 Бештин айы 201711:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусу. Токтогул району. Такталган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында (Торкент айылына жакын) «Степ Вагон» (мам.№ 01kg704 AAS) жана «Хендай Гетц»(мам.№ D9694E) унаалары кагылышып, натыйжада 3 адам жаракат алып, 7 адам каза болгон. Бул туурасында ӨКМнын  басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жабыркаган 3 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Каза болгон 7 адам Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. ИИМ кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынын келип чыгуу себеби жана каза болгон жарандардын өздүктөрүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 20