Сузак районунда 15 жаштагы кызды КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа басып калып, каза тапты. Маалыматты Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-октябрь күнү саат 17:40 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында Сузак районунун тургуну 1977-ж.т. С.С. өзүнүн “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен келе жатып, жолдун оң тарабындагы арыкка түшүп оодарылып кетип, 2006-ж.т. кыз кишини басып калган.
Натыйжада кыз алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне “Жол кырсыгы” болуп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.