• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жалал-Абадда 3 ай ичинде 128 автокырсык катталып, 19 адам каза тапкан

4 Чын куран 2022 16:05 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 3 айда 128 автокырсык катталып, 19 адам каза таап, 213 адам жаракат алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган унаалардын 34ү оң рулдуу болуп, алардын 32си кырсыкка күнөөлүү деп табылган. Жол кырсыгынан 8 адам каза таап, 65 адам жаракат алган.

Эске салсак, былтыркы жылы 3 айда 114 автокырсык катталып, андан 21 адам каза болуп, 189 адам жаракат алган. Анын ичинен 31 автокырсыкта оң рулдуу унаалардын катышуусу болуп, андан 7 адам каза таап, 70 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 121