• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда 48 жаштагы киши сууга агып каза болду

23 Баш оона 202210:18 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунда 48 жаштагы эркек киши сууга агып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган. Жарандын жансыз денесин суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 326