• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду

31 Теке 2023 12:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында 9 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  25-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында облусттук оорукананын жаш балдар бөлүмүнүн дарыгери милицияга 9 жаштагы тургуну шаардагы бассейндердин биринде сууга түшүп жатып кокусунан чөгүп каза болгонун билдирген.

«Бул окуя боюнча тергөө ыкчам тобу жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн. Маркумдун атасы арыз жазуудан жана медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш таркан»,-деп жазылат маалыматта.

Аталган факты  маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук»  деп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 215