• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жалал-Абадда акча опузалаган 4 жаран кармалды

4 Жалган куран 2024 16:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда опузалап акча талап кылууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш эки адам андан «100 миң сом таап берүүнү» талап кылышкандыгын билдирген. Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-февралында саат 14:30 чамасында болгон.

Милиция шектүүлөрдү 29-февралда опузалап талап кылынган акчанын 15 миң сомун алып жатканда колго түшүргөн. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары экендиги аныкталды: 23 жаштагы Ю.Ф., 20 жаштагы А.А, И.В., жана 19 жаштагы И.И.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 126