Жалал-Абад шаарында алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын жыл башынан бери Жалал-Абад ШИИБде, жалпы алдамчылык фактысы менен Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун аймагында он бир жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээлери Гулум аттуу аял алардын ишеничине кирип, ар кандай товарларын алып кетип, сатып акчасын үч күндө алып келип беремин деп качып жүргөндүгүн билдиришип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.
Аталган маалымат Алдамчылык беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде, 23-ноябрда кылмышка шектүү катарында 1970-жылы туулган Г.Ю. аттуу аял киши Ош шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү, Г.Ю. коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталган. Ошондой эле шектүүнүн дагы башка бир нече кылмыштарды жасагандыгы боюнча маалыматтар аныкталууда.