• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абадда аскер кызматкери өзүнө ок атты

17 Баш оона 2021 14:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда №2027 аскер бөлүгүндө ыкчам кызматта кызмат өтөп жаткан М.Ж. аттуу жоокер өзүнүн төшүнө ок чыгарган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жоокер Ноокен аймактык ооруканада дарыланууда. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Бейтаптын жанында апасы бар.

“Окуя боюнча иликтөө жүрүүдө. М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен аскер бөлүгүнүн психологунун байкоосунда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Катардагы жоокер М.Ж. кызматтан бошонуу үчүн денесине жаракат келтирүүнү каалаган деп болжолдонуп жатат

Количество просмотров: 125