• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн 2 шектүү кармалды

12 Бирдин айы 202412:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук милициясы баңгизатына байланыштуу 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 5-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Базар-Коргон районунун аймагында “М” аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, даярдап жана сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан.

Аталган маалымат боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын тургуну 1974-ж.т. И.М. кармалып, кароо жүргүзүү учурунда анын жанынан өзгөчө кескин жыты бар кара күрөң түстөгү “Гашиш” баңгизатына окшогон зат табылып алынган. Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык алынган 10,52 грамм гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Андан кийин И.М.нын үйүнө Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун “Линда” аттуу кызматтык ити менен бирге кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 16,60 грамм жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар “Гашиш” баңгизаты табылып, ошол жерде печатталып алынган.

Мындан сырткары ушул эле кылмыш иштин алкагында И.М. менен байланышы болгон А.А. аттуу жаранга 2024-жылдын 8-февраль күнү саат 16:00 чамасында Базар-Коргон шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, полиэтилен пакетине салынган жана газетага оролгон өзгөчө кескин жыты бар жашыл түстөгү заттар табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык 23 грамм “Марихуана” баңгизаты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча өзүнчө материал бөлүнүп алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын тургуну 05.09.1974-ж.т. И.М. жана Базар-Коргон шаарынын тургуну 1996-ж.т. А.А. Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 111