Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, 18-октябрда УКМК менен ИИМдин биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын 25 жаштагы Д.А. аттуу жараны кармалды.
Кармалган Д.А. аттуу жаран 2015-жылы эл аралык террордук уюмдун лагеринде атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөнү аныкталган. Мындан тышкары ал уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен диверсиялык-террордук акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга келген.
Д.А. 2016-жылдан тарта Жазык кодексинин жалданмачылык беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.