• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда ИИМ кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (сүрөт)

16 Бештин айы 2022 16:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жана КР ИИМ Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 2022-жылдын 15-декабрында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери «Э.Ш.К. кармалды.

Такталгандай, «Э.Ш.К» аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 2903