• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

12 Жетинин айы 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 12-ноябрда саат 14:25тер чамасында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Тосой, Жийде, Ор – Казган, Ак – Терек айылдарында 4,5 балл, Көк – Жаңгак шаарында, Канджыга, Калмак – Кырчын, Саты, Таран – Базар, Михайловка, Салам – Алик айылдарында 4 балл, Өзгөн шаарында, Мырза — Акеде 3,5 балл, Жалал – Абад шаарында жана Кара – Кулжада 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 29