Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылынын 2009-жылы туулган жашоочуусу М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу, РИИБден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылып издөө иштерин жүргүзүштү.
Кеч кирип издөө иштеринен жыйынтык болбогондугуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. 2-апрель күнү издөө иши жеринде улантылат.