• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Жалал-Абадда мотоцикл сүзүп кеткен аял реанимацияда каза болду

22 Бугу 202413:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында мотоциклдин айдоочусу жол боюнда турган эки аялды сүзүп кеткен.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына ылайык, кырсык 20-майда болгон.

«Кырсыкта Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа менен YAMAHA үлгүсүндөгү мотоцикл кагышып, мотоцикл тротуарда бараткан эки аялды жана 12 жаштагы кызды сүзгөн. Бир аял реанимацияда каза болду, экинчи аял менен кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп белгилешти милициядан.

Количество просмотров: 220