• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда оорукана кургандар мамлекетке 17 млн сомдук зыян келтирген

20 Теке 201812:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы Жалал-Абад облусунун Турак жай-жарандык абал департаментинин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлериy мыйзамсыз келишим кабыл алышкан деп айыптап жатат. Бул туурасында УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «аталган мекеме 2017-жылдын март айында балдар үчүн облустук психоневрологиялык оорукана курууга сынак жарыялаган. Ага катышкан компаниялардын бири сынактын жыйынтыгына макул болбой каршы чыккан. Кийин, мекеме аралык комиссиянын талабына карабастан, Капиталдык курулуш башкармалыгы тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол койгон» -деп жазылат.
Коррупцияга каршы кызмат аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери муну менен мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирген деп эсептейт.
Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (КР кызыкчылыктарына каршы келген контрактка кол коюу) беренелеринин негизинде иш козголуп, тергөө башталды.
Количество просмотров: 16