Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.
Жалал-Абадда ооруканага катуу сабалган эки жаштагы кыз келип түшкөн. Айрым маалыматтарга ылайык ымыркайды өзүнүн чоң энеси сабаган. Бул тууралуу «kaktus.media» агенттигин видео жайгаштырган. Ал тасма оорукананын текшерүү бөлмөсүндө тартылганы айтылууда.
Тасмада автор кыздын денесиндеги соккунун тактарын көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми чоң энеси алгач кызды сабабаганын, ал жөн гана ойноп жатып жыгылып кеткенин айткан. Бирок, дарыгердин тактап суроосунан кийин аял бир жолку кол көтөргөнүн мойнуна алган.
Учурда бул иш Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.