• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда сел каптаган турак үйлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө (сүрөт)

21 Теке 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Достук, Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 метр болгон 50 метр аралыгын сел суулары жеп кеткен.

Натыйжасында Чангыр-Таш айылындагы турак жай, короо там аркаларын сел суулары каптап (саны тактаклууда), Сузак-Кара-Дарыя автоунаа жолунда жол каттамы толук токтоп калган.азыркы учурда жол каттамы ачык. Мындан сырткары, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын Талып палван көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну 2015-ж.т. Манапова Арууке ата-энесинин майор С.Наржигитовго берген маалыматы боюнча сел сууларына агып кеткен. Саат 22:50 чамасында Манапова Аруукенин жансыз денеси Чангыр-Таш айылынын Апчиников көчөсүнүн тургуну Ш.Сатыбалдыевдин үйүнүн короосунан жергиликтүү тургундардын жардамы менен табылды.

Тартылган күч жана каражаттар жана аткарылган иш чаралар: Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн полковник А.Карабековдун жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМнин ӨКБжМЖДнин 2 кызматкер, Сузак району боюнча ӨКБнүн №65 ӨК-КБнөн 17 куткаруучу,(чыгуу 07:38) №54 ӨК-КБнөн 6 куткаруучу, №59 ӨК-КБнөн 10 куткаруучу, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн №20 ӨК-КБнөн бөлүмдүн башчысы капитан К.Маматкуловдун жетекчилигинде 36 куткаруучу,(чыгуу 07:43) КР ӨКМнин №2-ӨИКОнан подполковник М.Эргешовдун жетекчилигинде 22 куткаруучу, Көк-Жаңак шаарындагы КР ӨКМнин 5-ӨМТККВнан улук л-нт Болотбек уулунун жетекчилигинде 12 куткаруучу, Сузак райондук ИИБнөн 59 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 210 адам жана 103 кызматынан 4 кызматкер, жалпы 379 адам. саат 07:55те жетишип тазалоо жана сел каптаган турак үйлөрдү тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Жалпы 6 атайын автожүктөгүч жана 1 бирдик грейдер техникалары тартылган: 2 жеке менчик, 1 Кара-Дарыя айыл өкмөтү тарабынан, 1 Сузак айыл өкмөтү тарабынан, 1 жайыт комитети тарабынан жана 2 ДЭП-22 мекемесинен тартылды.

Количество просмотров: 177