• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жалал-Абадда той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү

17 Тогуздун айы 20208:44 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган шаарда түнкү рейд өтүп, 17 кафе-ресторандарга кыдыруу жүргөн. Анын ичинен 5 кафеде жарык өчүрүп, жашыруун той өткөрүп жаткандары маалым болгон.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан эскертүү берилгенине карабай той өткөрүп жаткандарга укук коргоо органдары тарабынан акт түзүлүп, айып пулга жыгылды», — деп айтылат маалыматта.

Рейдке шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Нуртилек Орозбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, массалык эл чогултуулардын кесепетинен оору кайрадан күч алып жаткандыгы айтылган.

Количество просмотров: 100