• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган шектүүлөр кармалды

13 Аяк оона 202415:11 Бишкек Govori.TV

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан И.Н.А. аттуу жаран 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү экени аныкталып, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана мурдагы журналист Н.А.К. менен бирге узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң долларды опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Бул адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында 60 миң долларды алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.

Мындай факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 170