• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда жайлоого бараткан окуучулар кырсыктап, бирөө каза болду

7 Бугу 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-май күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында болгон.

«Ноокен айылынын 25 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен 11-класстын үч окуучусун жайлоого жеткирүүгө чыккан. Үчөө тең 17 жашта, бүтүрүүчү класста окушат. Алардын бири кыз, экөө эркек. Окуучулар Кара-Булак жайлоосуна бара жаткан. Кыр-Жон жайытына жеткенде айдоочу унааны башкара албай кырсыкташкан. Айдоочу жана эки окуучу алган жараатынан улам Ноокен райондук ооруканасына жеткирилген»,— деп айтылат маалыматта.

Ал эми окуучулардын бири К.Б аттуу бала кырсык болгон жерден каза тапканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 1053