• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда жашы жете элек кызды зордуктаган жигиттер камалды

17 Теке 2018 9:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.07.2018.Govori.TV
Жалал-Абадда жашы жете элек кызды зордуктаган эки жигит эки айга камакка алында. Бул туурасында Govori.TV. сайтына Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Окуя 13-июль күнү кечке маал саат 21:30да болгон. Анда Токтогул районунун Жетиген айлынын 2001-жылы туулган кызды Өзгөрүш айлынын 1997-жылы туулган эки баласы унаа менен талаага алып барып  зордуктаган.
Бул боюнча атайын соттук экспертиза түзүлүп кылмыш жаза кодексинин 129 (зордуктоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары  Өзгөрүш айылынын 1997-жылы туулган эки жараны  кармалып, адвокаттын коштоосунда кылмышты моюнуна алышып, эки айга камакка алынды.
Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: Спутник

Количество просмотров: 6