• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда жоголгон 18 жаштагы өзбекстандык кыз табылды

30 Кулжа 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык Севинч Бахрамова табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан кабарлашкандай, кыздын жоголгону тууралуу маалымат коомчулукка жарыялангандан кийин кайдыгер эмес жарандар кыздын кайда жүргөндүгү боюнча маалымат беришкен. Небереси табылганына кубанып турган чоң эне милиция кызматкерлерине, ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы кыргыз коомчулугуна ыраазычылык билдирди.

2021-жылдын 24-июнь күнү Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тарабынан Өзбекстандын жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган. Анда 2021-жылдын 3-май күнү 18 жаштагы Севинч Кыргызстандын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз экендиги белгиленген.

Количество просмотров: 2896