• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жалал-Абадда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

1 Бештин айы 2020 10:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда жол кырсыгынан 3 киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык 30-ноябрь күнү саат 23:08де катталган. Бишкек-Ош унаа жолунун 498-чакырымында (Кыпчак-Талаа айылы) “Daewoo Nexia” жана “Mercedes Sprinter” унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеринде бир эркек киши каза болгон. Ал эми 26 жана 22 жаштагы эки жигит ооруканадан көз жумган. Мындан сырткары, 34 жана 26 жаштагы эки адам Кочкор-Ата шаардык ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 110