• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абаддагы Патрулдук-пост кызматынын жетекчилиги кармалды

25 Кулжа 202513:54 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук-пост кызматында системалуу коррупция фактылары аныкталды.

УКМКнын маалыматына ылайык, кызматтын командири, милициянын полковниги Ж.А.А. кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагы кызматкерлерин коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулардан акча талап кылууга мажбурлаган.

«Командир кызматтан четтетүү менен коркутуп, взвод командирлерин жума сайын ага 20 миңден 30 миң сомго чейинки акчаны өткөрүп берүүгө мажбурлаган. Ал эми командирлер кол алдындагы кызматкерлерин элден акча чогултууга мажбурлашкан. 23-июндагы операция учурунда Ж.А.А., взводдун командири, милициянын лейтенанты М.К.Т., взводдун командири, милициянын кенже лейтенанты К.Т.А. жана взводдун командири, милициянын прапорщиги А.А.Р. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 185