• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жалал-Абаддагы жапырт мушташтан кийин төрт жигит кармалды

14 Жетинин айы 202312:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддагы мейманкананын жанындагы жапырт мушташтан кийин 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабаралашты.

Маалыматта айтылгандай, 10-ноябрда саат 3:40тар чамасында мейманкананын жанында мушташ болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн.

«Жерине барган милиция кызматкерлери бул боюнча далилдерди алып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси менен («Бейбаштык») иш козгоду. Шектүү катары 21 жаштагы И. С., 20 жаштагы Т. Э. жана З. Р., 19 жаштагы К. Б. кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 126