• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалдагы мушташ: Бир туугандарга карата соттун өкүмү чыкты

2 Аяк оона 2020 17:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бир туугандар “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча айыпталып жаткан. Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин 39-139 беренеси боюнча (“Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү аракети”) күнөөлүү деп тапты.

Ж.Бапышев 10 жылга эркинен ажыратылса, К.Сейитбеков – 11 жылга кесилди.

Эске салсак, 2019-жылдын 28-августунда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Экөө тең оор абалда ооруканага түшкөн. Ал эми шектүүлөр издөөгө алынып, кийинчерээк алар милицияга өздөрү келишкен.

Количество просмотров: 4878