Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.
Маалым болгондой, 1-апрелде саат 00: 14төр чамасында «102» кызматына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан, “ал жерде бир адам каза болду” деген чакыруу түшкөн. Саат 22:30 чамасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дары-дармектерин алып келип, ийне сайдыруу үчүн 1982-жылы туулган жаран кайрылган. Процедуралардан кийин ал өзүн жаман сезип, медайымдын алгачкы жардамына карабастан, эркек киши эс-учун жоготуп каза болгон.
Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.