• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Шектүүлөр камактан чыгарылдыбы?

4 Жалган куран 2020 15:51 Бишкек Govori.TV

«Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалгандар милициялардын колдоосу менен камактан чыгыптыр» деген билдирүү социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу маалыматты жарандык активист Адиль Турдукулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырып, бул тууралуу УКМКга арыз менен кайрыла тургандыктарын жазган.

Ал эми Бишкек ШИИББден бул туууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

«Шектүүлөр дагы деле камакта, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», — деди мекеменин басма сөз катчысы.

Эске салсак, коомчулуктун көңүлүн бурдурган бул окуя 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда орун алган. Үрөй учурган мушташта «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрда Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.

Ал эми Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган.

Количество просмотров: 728