УКМК Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди. Ага буга чейин кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топту каржылоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, камалганын, бирок былтыр жыл аягында эч кайда кетпөө шарты менен абактан чыгарылгандан кицин бул талапты бир нече жолу бузганын маалымдады.
«Шектүү буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери С.Абдувалиевдин ишмердүүлүгүн активдүү каржылап жүргөн. Тактап айтканда, 2024-жылдын декабрь айында айыпталуучу А.Ж.С.тин камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасы башка жака кетпөө түрүндөгү милдеттемесине өзгөртүлгөн. Бирок, тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан соттук чаранын шарттарын бир нече жолу бузуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, айыпталуучу тергөө органдарынын чакыруусуна системалуу түрдө келбей, процессуалдык милдеттерди аткарбай койгон. Соттук чаранын шарттарын бузгандыгын эске алуу менен айыпталуучу А.Ж.С. соттун чечими менен камакка алынды», — деп жазылат маалыматта.