«Жалпы иш» коомдук фонду 25-октябрдан 28-декабрга чейин президенттик шайлоонун даярдыгына байкоо жүргүзүп, 53 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда «Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоо боюнча эксперти Арсланбек Өмүрзаков билдирди.
Өмүрзаковдун айтымында, «Жалпы иш» коомдук фондуна 58 узак мөөнөттүү байкоочу тартылган.
«Анын ичинен 31инде администрациялык ресурсту колдонуу, 15и добуш сатып алуу жана жетөөндө басым жасоо болгон. Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобуна фонд тарабынан 14 кайрылуу жиберилген», — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле Өмүрзаков №2 форманын жоюлушунан улам болжол менен 450 адам шайлоо укугунан ажыраганын кошумчалады.