• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Жалпы иш” уюму мыйзам бузулушу мүмкүн делген 101 учур катталганын кабарлады

12 Чын куран 2021 10:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы шайлоого байкоо салып жаткан “Жалпы иш” уюму 11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген 101 учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында.

Уюм кырктан ашуун шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жараянын, добуш берүү купуялыгын бузуу, шайлоо күнү үгүт жүргүзүү, байкоочулардын укугун басмырлоо жана башка мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү органдарга арыз жөнөттү.

“Жалпы иш” уюмунун 370 байкоочусу өлкөнүн бардык аймактарында шайлоого жана референдумга көз салган.

Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузуулар тууралуу 70 кайрылуу түшкөнүн, отузу тастыкталбагандыктан өндүрүштөн кыскартылганын, калганы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Министр Улан Ниязбеков активист, байкоочулар тарабынан белгиленген башка мыйзам бузуулар боюнча да иш жүргүзүлөрүн добуш берүү аяктагандан кийин брифингде айтты.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле өлкөдөн тышкары чет мамлекеттерде 48 шайлоо участогунда референдумга добуш берүү болду.

БШКнын баштапкы маалыматтарына ылайык добуш берүүгө шайлоочулардын 35,30% катышты.

Конституцияны өзгөртүүнү 1 066 832 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 183 606 кишини же 13,64% түздү.

92% шайлоо тилкелеринен маалыматтар келип түштү. Добуштарды эсептөө уланууда.

Количество просмотров: 73