• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал режимин киргизүү сунушталды

1 Чын куран 202011:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Алар отурумга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди да чакырууну талап кылышты.

Анда депутат Бакыт Төрөбаев жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштады.

«Акыбал абдан оорлошуп жатат. Күн сайын маалымат алып жатабыз. Бул эпидемия боюнча январь айында айтылган, даярдык барбы же жокпу деп. Коопсуздук кеңеши жыйын өткөргөн. Бүтүндөй өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү керек. Эгерде изоляция болбосо ушинтип жүрө беребиз», — деди ал.

Кыргызстандын 3 шаары менен 3 районунда өзгөчө абал режими киргизилген. Анын убактысы 25-мартта саат 08:00дө башталган, ал 2020-жылдын 15-апрелинде саат 08.00гө чейин уланат. Тиешелүү жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Количество просмотров: 129