• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жалпы суммасы 683 730 сомдук товар кармалды

19 Баш оона 2019 13:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.08.2019. Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен авто жолунда Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.Рнын башкаруусундагы “Мерседес — Бенц Актрос” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “HESW- HWTRAS2494” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 10461 кг. болгон кургатылган өрүк жана компот аралаштырмасы табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 683 730 сом.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 17