Казактын көмүрүсүз эле биздин көмүрчүлөр калкты камсыз кыла алабыз. Бул тууралуу Кабар агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө биз толук кандуу өзүбүздүн көмүр менен камсыз кылып жатабыз. Жана көмүргө болгон баа да кескин түрдө өсүп кетпейт», — деди ал.