Бишкек. 29.08.2019.Govori.TV
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу министр Бишкекте жарандарды жалган маалыматтардан коргоого арналган тегерек үстөлдө билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Министр фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү механизми жок экенин белгилеп, бул багытта резолюция кабыл алууну сунуш кылды.
Министр ушул жылдын июль айында Бишкекте өткөн медиа конференциянын жүрүшүндө жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги фейк маалымат мүшкүлгө айланганын белгилеген жана бул багытта журналисттер менен бирге иш алып баруу зарыл экенин кошумчалаган.